Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу Экинчи Улуттук форумга катышты.
Бүгүн, Бишкек шаарында «Жумуштуулук, кесиптик көндүмдөр жана эмгектин келечеги: Кыргыз Республикасында мамлекеттик жумуш менен камсыз кылуу кызматтарын жана формалдуу эмес билим берүүнү чыңдоо» аттуу Экинчи Улуттук форум болуп өттү. Иш-чара Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрилиги менен уюштурулуп, Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен өткөрүлүп, ага мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулугунун, жарандык коомдун, эл аралык өнөктөштөрдүн жана кесиптик бирликтердин өкүлдөрү катышты.
Форумдун жүрүшүндө ККБФ төрагасы Мурадил Джумадилде уулу эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр, формалдуу эмес сектордогу кызматкерлердин укуктарын коргоо жана санариптештирүү шартындагы жаңы чакырыктар боюнча өз пикирин билдирди.
Өз сөзүндө ал бүгүнкү күндө өлкөдө формалдуу эмес сектордо эмгектенген жарандардын так макамын аныктоо маселеси актуалдуу бойдон калып жатканын белгиледи. Ушуга байланыштуу ККБФ төрагасы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жана Социалдык фондго биргелешкен иш жүргүзүүнү сунуштады.
“Биз бүгүн кимдер формалдуу эмес кызматкерлер экенин, формалдуу эмес сектор деген эмне экенин так аныктап алышыбыз керек. Бул маселеде мамлекеттик органдар, кесиптик бирликтер жана социалдык өнөктөштөр биргелешип иш алып баруусу зарыл”, — деди.
Ошондой эле ал кесиптик бирликтер тарабынан эмгек рыногу боюнча изилдөөлөр жүргүзүлгөнүн, анын жыйынтыгында жумушчу күчүнүн өзгөрүп жаткан шарттарга ыңгайлашуусу боюнча сунуштар иштелип чыкканын маалымдады.
Мурадил Джумадилде уулу учурда жасалма интеллекттин жана санариптештирүүнүн өнүгүшү эмгек мамилелерине олуттуу таасирин тийгизип жатканын белгилеп, кесиптик бирликтер кызматкерлердин эмгек укуктарын жаңы шарттарда коргоо багытында активдүү иштерди жүргүзүп жатканын айтты.
Форумдун алкагында катышуучулар жумуш менен камсыз кылуу системасын өнүктүрүү, жаңы кесиптерге даярдоо, эмгек рыногунун заманбап талаптарына ылайык көндүмдөрдү калыптандыруу жана социалдык өнөктөштүктү күчөтүү маселелерин талкуулашты.






