Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу Астана шаарында өткөн Евразиялык экономикалык форумдун ишине катышты.
Форум Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин башчыларын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, бизнес чөйрөсүн, эл аралык уюмдарды жана эксперттик коомчулукту бириктирип, экономикалык интеграциянын жана жалпы эмгек рыногун өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо аянтчасына айланды. Иш-чаранын алкагында Федерациянын төрагасы «Санариптик инструменттерди колдонуу менен ЕАЭБдин эмгек ресурстары рыногун өнүктүрүү» аттуу сессияда баяндама жасады.
Мурадил Джумадилде уулу санариптик экономиканын тездик менен өнүгүп жаткан шартында ЕАЭБ өлкөлөрү бул тармакты жөнгө салуу боюнча бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгууга тийиш экенин белгиледи.
«Бүгүнкү күндө санариптик платформаларда иштеген кызматкерлердин укуктарын коргоо гана эмес, платформалык ишмердүүлүк деген эмне экенин бирдиктүү түшүнүү дагы маанилүү. Биз ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттер үчүн платформалык иш менен камсыз кылуунун жана платформалык ишмердүүлүктүн жалпы аныктамасын иштеп чыгышыбыз керек. Бул кызматкерлерге, жумуш берүүчүлөргө, мамлекеттик органдарга жана социалдык өнөктөштөргө бирдей эрежелердин жана бирдиктүү мамилелердин негизинде иш алып барууга мүмкүндүк берет», — деп белгиледи ал.
Ошондой эле Кыргызстанда биринчи жолу санариптик платформалардын кызматкерлеринин кесиптик бирлиги түзүлгөнү белгиленип, бул эмгек ишмердүүлүгүнүн жаңы формаларында иштеген жарандардын кызыкчылыктарын коргоодогу маанилүү кадам экени айтылды.
Ошону менен бирге ККБФ төрагасы форумдун катышуучуларынын көңүлүн эмгек рыногун санариптештирүүнүн тобокелдиктерине бурду. Анын айтымында, платформалык экономиканын жана салттуу эмес иш менен камсыз кылуу формаларынын өнүгүшү социалдык кепилдиктерди камсыздоо, эмгекти коргоо жана кызматкерлерди пенсиялык камсыз кылуу жаатында жаңы ыкмаларды талап кылат.
«Бүгүнкү күндө ЕАЭБдин бирдиктүү эмгек рыногун калыптандыруу жумуш менен камсыз кылуу жана социалдык коргоо тармагындагы санариптик саясатты координациялоосуз мүмкүн эмес. Муну менен катар платформалык иш менен камсыз кылуу үчүн бирдиктүү укуктук мейкиндикти түзүү, платформалык ишмердүүлүктүн жалпы түшүнүктөрүн аныктоо жана санариптик платформалардын кызматкерлери менен жумуш берүүчүлөрү үчүн бирдиктүү рынокту калыптандыруу зарыл. Бул Биримдиктин бардык мамлекеттеринде ачык-айкындуулукту, адилет атаандаштыкты жана жарандардын эмгек укуктарын ишенимдүү коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет», — деп белгиледи ал.
Баяндама соңунда Федерациянын төрагасы улуттук жана евразиялык деңгээлдерде санариптик саясатты калыптандырууда кесиптик бирликтердин активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.






