Бүгүн, 2026-жылдын 2-июнунда Мамлекеттик мекемелердин жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин Эл аралык федерациясынын (МФП) Кеңешинин жыйыны онлайн форматта болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык мекемелеринин жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин кесиптик бирлиги — Мамлекеттик мекемелердин жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин Эл аралык федерациясынын (МФП) мүчөсү болуп саналат. Анын курамына постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдүн тектеш кесиптик бирликтери кирет.
Жыйындын жүрүшүндө мүчө уюмдардын жетекчилери өз кесиптик бирликтеринин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын талкуулап, көйгөйлүү маселелерге жана аларды чечүүнүн жолдоруна токтолушту.
Тиешелүү баяндама менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык мекемелеринин жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Кубанычбек Намазов сөз сүйлөдү.
Ал жалпыбыздын эң маанилүү милдетибиз — бардык кесиптик бирлик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу механизмдерин өнүктүрүү жана жаңы инструменттерди колдонуу, биринчи кезекте кесиптик бирликке мүчөлүккө мотивацияны күчөтүү экендигин белгиледи. «Бизге кошулган ар бир жаңы адам — бул биздин жеңишибиз», — деди ал.
Ошондой эле ал кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын социалдык өнөктөштүк системасы аркылуу коргоого өзгөчө маани берилип жатканын белгиледи. Бүгүнкү күндө кесиптик бирликтин Борбордук комитети республиканын министрликтери жана ведомстволору менен 8 тармактык макулдашууга, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен — Талас, Нарын, Ош жана Баткен облустары боюнча 4 макулдашууга, ошондой эле облустук деңгээлде 15 үч тараптуу макулдашууга кол койгон.
Макулдашуулардын аткарылышынын жүрүшү жана жыйынтыктары жыл сайын кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин Президиумунун отурумдарында каралып, анда тараптар өз милдеттенмелеринин аткарылышы боюнча отчет беришет.
Эң негизгиси — социалдык өнөктөштөр менен түзүлгөн макулдашуулар кагаз жүзүндө гана калбастан, иш берүүчүлөр жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары үчүн иш жүзүндө колдонулган, ченемдик-укуктук актылардын жоболорун кеңейткен жана эмгек жамаатынын кызыкчылыгына кызмат кылган нормаларга айланышы керек.
Социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү менен бирге баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын өз ишмердүүлүгүнө кепилдиктерди аныктоодогу, мекемелердин коллегиалдуу органдарына катышуудагы, кызматкерлерди иштен бошотуу маселелерин кароодогу жана кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн кайрылууларын иш берүүчү менен биргеликте кароодогу ыйгарым укуктары да кеңейүүдө.
Кызматкерлерди социалдык жактан коргоонун, алардын эмгек укуктарын жана кепилдиктерин сактоонун, коопсуз эмгек шарттарын түзүүнүн, эмгек жамааттарында массалык кыскартууларга жол бербөөнүн негизги инструменти — жамааттык келишимдер. Кыргыз Республикасында мындай келишимдердин сапаты жакшыруу тенденциясына ээ болуп, алар барган сайын так, сапаттуу жана натыйжалуу болууда.
Кеңештин отурумунда Россия Федерациясынын, Беларустун, Тажикстандын жана башка мүчө уюмдардын тектеш кесиптик бирликтеринин маалыматтары да угулду.
Жыйындын соңунда МФПнын президенти Н.А. Водянов Мамлекеттик мекемелердин жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин Эл аралык федерациясынын мыкты мүчө уюму үчүн өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгын чыгарды.
МФПнын Кеңеши бир добуштан «2025-жылы кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн санын көбөйтүү боюнча мыкты көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн» сынагынын жеңүүчүсү катары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык мекемелеринин жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин кесиптик бирлигин таануу жөнүндө чечим кабыл алды.
Жеңүүчүгө Диплом тапшыруу аземи үстүбүздөгү жылдын күз айларында Өзбекстан Республикасында өтүшү пландалган МФП Кеңешинин кезектеги жыйынында өткөрүлөт.

