Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы 12-июнда белгиленүүчү «Бүткүл дүйнөлүк балдар эмгегине каршы күнүнө» карата балдардын укуктарын коргоо жана алардын коопсуз, бактылуу балалык чагын камсыз кылуу ар бир чоң адамдын жана коомдун милдети экенин белгилейт.
Балдардын эмгеги кабыл алынгыс көрүнүш болуп саналат. Ар бир бала билим алууга, өнүгүүгө, эс алууга жана өзүнүн кыялдарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышы керек.
Кесиптик бирликтер федерациясы өлкөнүн бардык аймактарындагы мектептерде окуучулар үчүн “Мен өз эмгек укуктарымды билем” аттуу ачык сабактарды өткөрүүдө. Маалыматтык кампаниянын негизги максаты – балдардын эмгек укуктарын коргоо, коомчулуктун көңүлүн бул маселеге буруу.
ККБФ төрагасы Мурадил Джумадилде уулу белгилегендей:
«Балдар – өлкөбүздүн келечеги. Алардын коопсуздугуна, билим алуусуна жана толук кандуу өнүгүүсүнө шарт түзүү – биздин жалпы жоопкерчилигибиз. Биз ар бир баланын бактылуу балалык чагын камсыз кылуу үчүн күч-аракетибизди бириктиришибиз керек.»
Балдардын бактылуу балалыгы – өлкөнүн ийгиликтүү келечегинин кепилдиги.
