Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын Жаштар кеңешинин төрагасынын Кайрат Тороевдин демилгеси менен Шаардык билим берүү комитетинин Жаштар кеңешинин өкүлдөрү жана жаш мугалимдер үчүн таанып-билүү семинары уюштурулду.
Семинардын спикери IT-тармагындагы эксперт Александр Жарков болуп, ал катышуучуларга жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү жана аны билим берүү тармагында колдонуу жолдору тууралуу кеңири маалымат берди. Жаш мугалимдер жасалма интеллекттин жардамы менен сабакка даярданууну жеңилдетүү, окуучулар үчүн кызыктуу жана интерактивдүү сабактарды түзүү, окуу материалдарын даярдоо, тапшырмаларды иштеп чыгуу жана күнүмдүк иштерге кеткен убакытты үнөмдөө боюнча пайдалуу маалыматтарды алышты.
Иш-чара кызыктуу жана активдүү маанайда өттү. Катышуучулар көптөгөн суроолорду берип, өз ойлору менен бөлүшүп, билим берүү процессине заманбап технологияларды киргизүүнүн жолдорун талкуулашты. Алынган билимдерди бекемдөө максатында жаш мугалимдер Kahoot интерактивдүү викторинасына катышып, билимдерин оюн форматында текшеришти.
Ошондой эле ачык маектешүүнүн жүрүшүндө жаш адистер өздөрүнүн эмгек жолунун башында туш болуп жаткан көйгөйлөрү тууралуу айтып беришти. Алардын арасында жаңы жумуш ордуна көнүү, жогорку жумуш жүгү, усулдук колдоонун жетишсиздиги жана кесиптик өнүгүүгө болгон муктаждык сыяктуу маселелер көтөрүлдү.
Катышуучулар семинар абдан пайдалуу жана мазмундуу өткөнүн белгилеп, жаңы билимдерге ээ болуп, тажрыйба алмашууга жана өз ишин натыйжалуу жүргүзүүгө жардам бере турган практикалык куралдарды үйрөнгөнүн белгилешти.










