2026-жылдын 26-июнунда Бишкек шаарында Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу көчмө мониторингдин алкагында саламаттык сактоо системасынын жана курулуш тармагынын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты. Ошондой эле иш-чарага саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасынын кеңешчиси Султан Абдыкадыров.
Мониторингдин жүрүшүндө Федерациянын төрагасы Улуттук госпиталга, Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна, ошондой эле «Алтай-Ордо» жана «Ололкон» турак жай комплекстериндеги курулуш объектилерине барып, мекеме жетекчилери, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү жана эмгек жамааттары менен жолугушту.
Иш сапардын негизги максаты – эмгек мыйзамдарынын аткарылышын, кызматкерлер үчүн түзүлгөн эмгек шарттарын, эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын, социалдык өнөктөштүктүн абалын жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ишинин натыйжалуулугун жеринде баалоо болду.
Жолугушуулардын жүрүшүндө Мурадил Джумадилде уулу эмгек жамааттары менен ачык форматта баарлашып, ар бир кызматкердин пикирин жана сунуштарын угууга өзгөчө көңүл бурду. Ал кесиптик бирликтердин негизги милдети – ар бир эмгекчинин үнүн угуп, алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо экенин белгиледи.
Саламаттык сактоо кызматкерлери бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү, алардын катарында: эмгек акынын жана кошумча төлөмдөрдүн өз убагында төлөнүшү, эмгек өргүүнүн мөөнөтү, жааматтык келишимдер жана анын аткарылышы, эмгек жаамтында окутуу-семинарлардын уюштурулушу, балдардын жана кызматкерлердин жайкы эс алуусу.
Ал эми курулуш тармагында эмгектенген жумушчулар эмгек ишмердүүлүгүндө кездешкен бир катар көйгөйлөрдү айтышты, мисалы: коопсуз жана татыктуу эмгек шарттарын камсыз кылуу; эмгекти коргоо талаптарынын толук аткарылышы жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо; кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик өнүгүүсүнө шарт түзүү.
Эмгекчилер көтөргөн бардык маселелер жана сунуштар кылдат угулуп, алардын айрымдары боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле айтылган көйгөйлөрдү тармактык кесиптик бирликтер, иш берүүчүлөр жана мамлекеттик органдар менен биргеликте карап чыгып, чечүү боюнча иштер жүргүзүлөрү белгиленди.
Мониторингдин алкагында Федерациянын төрагасы жумуш орундарын кыдырып, кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттар, баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин ишмердүүлүгү жана эмгек мыйзамдарынын аткарылышы менен таанышты. Иш сапарынын жыйынтыгында Мурадил Джумадилде уулу Кыргызстандын Кесиптик бирликтер федерациясынын негизги максаты – ар бир эмгекчинин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын иш жүзүндө коргоо, жер-жерлерде жаралган көйгөйлөргө өз убагында көңүл буруу жана бардык тармактарда эмгек шарттарын жакшыртууга көмөк көрсөтүү экенин белгиледи.












