Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамынын алдында Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу саламаттык сактоо тармагында үзүрлүү эмгектенип, кесиптик милдетин абийирдүүлүк менен аткарып келген медицина кызматкерлерине Кесиптик кошуундар федерациясынын Ардак грамоталарын тапшырды.
Сыйлык тапшыруу аземинде Мурадил Джумадилде уулу медицина кызматкерлеринин эмгеги өзгөчө баалоого татыктуу экенин белгиледи. Алар күн сайын жарандардын өмүрү менен саламаттыгын коргоп, кесипкөйлүктүн, жоопкерчиликтин жана адамгерчиликтин бийик үлгүсүн көрсөтүп келишет. Өлкөнүн өнүгүүсү жана калктын бакубат жашоосу алардын ак ниет эмгеги менен тыгыз байланыштуу.
«Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын атынан бардык медицина кызматкерлерин кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Элдин саламаттыгы үчүн күнү-түнү талыкпай эмгектенип жаткан ак халатчан кызматкерлерге терең ыраазычылык билдирем. Өз тарабынан Федерация медицина кызматкерлеринин эмгек укуктарын коргоо боюнча иштерди жүргүзүп келет. Биз медициналык кызматкерлерди жумуш ордунда коргоонун чараларын жана механизмдерин иштеп чыгып, ошондой эле сиздер үчүн кошумча социалдык жеңилдиктерди түзүү боюнча иш алып баруудабыз. Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм», — деди ал.
Куттуктоо сөздөрүнөн кийин Мурадил Джумадилде уулу Кесиптик бирликтердин ардак грамоталарын тапшырды.
Кесиптик бирликтер медицина кызматкерлеринин эмгек, социалдык жана мыйзамдуу укуктарын коргоону өзүнүн негизги багыттарынын бири катары карайт.
Медицина кызматкерлери – мамлекеттин эң баалуу кесип ээлеринин бири. Алардын жан аябас эмгеги миңдеген адамдардын өмүрүн сактап, улуттун саламаттыгын чыңдап, Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнө чоң салым кошууда.









