Бүгүн Бишкек шаарында Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) колдоосу менен уюштурулган «Кыргызстан кесиптик бирликтеринин мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү аркылуу дискриминациясыз, зомбулуксуз жана кодулоосуз татыктуу эмгекти камсыз кылууга көмөктөшүү» аттуу эки күндүк семинардын экинчи күнү өтүп, өз ишин ийгиликтүү жыйынтыктады.
Семинардын экинчи күнүнө ЭЭУнун Эмгекчилердин ишмердүүлүгү боюнча бюросунун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Сергиус Гловацкас катышып, Конвенция №190 жөн гана эл аралык документ эмес, ал ар бир кызматкердин кадыр-баркын, коопсуздугун жана тең укуктуулугун камсыз кылууга багытталган практикалык инструмент экенин белгиледи.
«Коопсуз жана басмырлоосуз эмгек чөйрөсүн түзүү – бул бардык тараптардын биргелешкен жоопкерчилиги. Кесиптик бирликтер, мамлекеттик органдар жана иш берүүчүлөр биргелешип аракеттенгенде гана эмгек дүйнөсүндө туруктуу өзгөрүүлөргө жетише алабыз. Кыргызстан бул багытта маанилүү кадамдарды жасап жатат жана ЭЭУ мындан ары да колдоосун улантат», – деди Сергиус Гловацкас.
Ал эми Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу семинар практикалык билим алмашуу үчүн маанилүү аянтча болгонун жаса белгиледи.
«Бул эки күндүн ичинде катышуучулар эл аралык эмгек стандарттарын терең өздөштүрүп, жумуш орундарында зомбулук менен кодулоонун алдын алуу боюнча жаңы билимдерге ээ болушту. Алынган тажрыйба эмгек жамааттарында кызматкерлердин укуктарын коргоону күчөтүүгө кызмат кылат деп ишенем», – деди ал.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар №190 Конвенциянын талаптарын ишке ашыруу, кесиптик бирликтердин ролу, кызматкерлерди коргоонун натыйжалуу механизмдери жана жумуш орундарында зомбулук менен кодулоонун алдын алуу боюнча практикалык маселелерди талкуулашты.
Иш-чаранын соңунда семинарды ийгиликтүү аяктаган бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Алар алган билимдерин өз уюмдарында жана эмгек жамааттарында колдонуп, татыктуу жана коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө салым кошо тургандыктарын белгилешти.







