Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу жана Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) Эмгекчилердин ишмердүүлүгү боюнча бюросунун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Сергиус Гловацкас КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин биринчи орун басары Камчыбек Досматов менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Эл аралык эмгек уюмунун алкагындагы кызматташууну кеңейтүү, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү, кызматкерлердин эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, татыктуу эмгек шарттарын түзүү жана эл аралык эмгек стандарттарын ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Сергиус Гловацкас Эл аралык эмгек уюму Кыргызстандагы социалдык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана эмгек укуктарын коргоо жаатындагы демилгелерди мындан ары да колдоого даяр экенин белгиледи. Ал өкмөт, иш берүүчүлөр жана кесиптик бирликтердин ортосундагы конструктивдүү диалог татыктуу эмгекти камсыз кылуунун негизги факторлорунун бири экенин айтты.
Өз учурунда Мурадил Джумадилде уулу кесиптик бирликтердин башкы максаты эмгекчилердин укуктарын жана кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоо экенин белгилеп, Эл аралык эмгек уюму жана мамлекеттик органдар менен болгон кызматташтык бул багыттагы иштерди жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөрүн билдирди.
Ал эми Камчыбек Досматов Министрлик татыктуу эмгек принциптерин жайылтуу, эмгек мыйзамдарын өркүндөтүү жана социалдык диалогду өнүктүрүү боюнча бардык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи. Ал кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин кошумчалады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да чыңдоо жана эмгекчилердин укуктарын коргоо боюнча биргелешкен ишти улантуу тууралуу макулдашышты.


