Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу 8–11-июль күндөрү Ысык-Көлдө өтүп жаткан «Билим берүү кызматкерлеринин укуктук корголушу: заманбап шарттарда кесиптик бирликтердин ролу» аттуу эл аралык семинарга катышууда.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ/ACTRAV) менен биргеликте уюштурууда.
Эл аралык семинарга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан жана Түркмөнстандан келген кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү жана эксперттер катышып, билим берүү кызматкерлеринин эмгек укуктарын коргоо, социалдык диалогду өнүктүрүү, кесиптик бирликтердин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү жана эл аралык мыкты тажрыйбаларды алмашуу маселелерин талкуулашууда.
Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Саламат Боёнов, Эл аралык эмгек уюмунун Эмгекчилердин ишмердүүлүгү боюнча бюросунун (ACTRAV) Чыгыш Европа жана Борбор Азия секторунун жетекчиси Сергиус Гловацкас катышууда.
Сергиус Гловацкас негизги баяндама жасап, билим берүү кызматкерлеринин эмгек укуктарын коргоо жаатындагы азыркы чакырыктар жана аларды чечүүдөгү кесиптик бирликтердин ролу тууралуу кеңири маалымат берди. Айтымында, бүгүнкү күндө билим берүү кызматкерлеринин эмгек укуктарын коргоо социалдык диалогду активдүү өнүктүрүүнү, кесиптик бирлик кыймылын чыңдоону жана ЭЭУнун эл аралык эмгек стандарттарын ырааттуу ишке ашырууну талап кылынууда.
Өз сөзүндө ККБФ төрагасы Мурадил Джумадилде уулу билим берүү кызматкерлеринин укуктук корголушу маселеси бүгүн өзгөчө мааниге ээ болуп жатканын, ал эми кесиптик бирликтердин эл аралык кызматташтыгы кызматкерлердин эмгек жана социалдык-экономикалык укуктарын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүү куралы экенин белгиледи.
«Бүгүн ар кайсы өлкөлөрдүн кесиптик бирликтеринин күч-аракетин бириктирүү, мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү жана эл аралык эмгек стандарттарын биргелешип илгерилетүү өзгөчө маанилүү. Бул ар бир билим берүү кызматкеринин өзүн корголгон жана келечегине ишенимдүү сезишине өбөлгө түзөт. Кыргызстандын кесиптик бирликтери кызматкерлердин укуктук кепилдиктерин чыңдоону, натыйжалуу социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүнү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнү ырааттуу колдойт. Мамлекеттин, иш берүүчүлөрдүн жана кесиптик бирликтердин биргелешкен аракети менен гана татыктуу эмгек шарттарын түзүп, билим берүү кызматкерлеринин укуктарын ишенимдүү коргоого болот», — деп белгиледи ал.
Семинардын алкагында катышуучулар өз өлкөлөрүндөгү билим берүү тармагынын абалы жана тармактык кесиптик бирликтердин ишмердүүлүгү тууралуу улуттук баяндамаларды сунуштап, жамааттык келишимдик жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү, кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо, кесиптик бирлик кыймылын чыңдоо, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана ЭЭУнун эл аралык стандарттарын улуттук практикага киргизүү маселелерин талкуулашууда.
Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы үчүн мындай эл аралык аянтчаларга катышуу эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн, татыктуу эмгек принциптерин илгерилетүүнүн жана билим берүү кызматкерлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо системасын чыңдоонун маанилүү кадамы болуп саналат.








