Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу «Эмгекти коргоо жана коопсуздук – эмгек чөйрөсүндөгү негизги укук: жеңил өнөр жайындагы биригүү эркиндиги жана социалдык диалог аркылуу кесиптик бирликтердин стратегияларын чыңдоо» аттуу семинарга катышты.
Иш-чара Жеңил өнөр жайынын, байланышкан тармактардын жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн кызматкерлеринин кесиптик кошууну тарабынан ЭЭУнун ACTRAV бөлүмүнүн колдоосу менен уюштурулду.
Өз сөзүндө Мурадил Джумадилде уулу эмгектин коопсуз шарттары ар бир кызматкердин негизги укугу экенин белгилеп, социалдык өнөктөштүктү жана жамааттык сүйлөшүүлөрдү өнүктүрүү эмгек укуктарын коргоонун негизги куралы экенин айтты.
«Жеңил өнөр жайы кызматкерлердин олуттуу бөлүгү формалдуу эмес сектордо эмгектенген тармактардын бири бойдон калууда. Ошондуктан коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө, эмгекти коргоо талаптарынын так сакталышына жана ар бир кызматкердин социалдык кепилдиктер менен камсыз болушуна өзгөчө көңүл буруу зарыл. Эмгек укуктарын коргоонун эң натыйжалуу механизмдеринин бири — жамааттык келишимдер. Алар эмгекти коргоо, өндүрүштөгү кырсыктардын алдын алуу, кызматкерлерди жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу жана татыктуу эмгек шарттарын түзүү боюнча кошумча кепилдиктерди бекемдөөгө мүмкүндүк берет», – деди ал.
Семинардын ачылышында ошондой эле тармактык кесиптик бирликтин төрайымынын орун басары жана ЭЭУ/ACTRAVдын Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Сергиус Гловацкас сөз сүйлөштү.
Программага ылайык, Сергеюс Гловацкас эмгек инспекциясы, жумуш орундарындагы тобокелдиктер жана кесиптик кошуундардын стратегиялары боюнча сессияларды өткөрдү.







