2026-жылдын 8–9-июлунда Ташкент шаарында Өзбекстандын Кесиптик бирликтер федерациясынын базасында «Кесиптик бирликтерди уюштуруу жана өкүлчүлүк жаатында глобалдык стандарттарды киргизүү» темасында Борбордук Азияда кесиптик бирликтерди түзүү боюнча IndustriALL Глобалдык союзунун субрегионалдык конференциясы болуп өттү.
Иш-чарага Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын кесиптик бирлик активисттери жана кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү катышышты. Ошондой эле конференциянын ишине IndustriALL Глобалдык союзунун өкүлү Волтон Понтленд жана Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) бюросунун улук адиси Гоча Александрия катышууда.
Конференциянын алкагында ЭЭУнун субрегиондогу ишмердүүлүгү, глобалдык стандарттарды киргизүү, Борбордук Азиянын глобалдык экономикадагы орду, кесиптик бирликтердин актуалдуу көйгөйлөрү, ошондой эле глобалдык кесиптик бирликтердин ишмердүүлүгү, артыкчылыктуу багыттары жана кампаниялары талкууланууда.
Кыргызстандын атынан конференцияга Кыргызстандын Кесиптик бирликтер федерациясына жана IndustriALL Глобалдык союзуна мүчө уюмдар: Кыргызстандын Тоо-кен металлургия кесиптик бирлиги, Жеңил өнөр жай, экономиканын тектеш тармактары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн кызматкерлеринин кесиптик бирлиги, Коммуналдык тейлөө кызматкерлеринин кесиптик бирлиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын энергетика жана электротехникалык өнөр жай кызматкерлеринин кесиптик бирлиги катышууда.
Кыргызстандын өкүлдөрүнүн конференцияга катышуусу Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү кесиптештер менен тажрыйба алмашууга, эл аралык кесиптик бирлик кызматташтыгын бекемдөөгө жана кызматкерлердин эмгектик жана социалдык-экономикалык укуктарын коргоонун заманбап ыкмаларын талкуулоого өбөлгө түзөт.


