Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу «Sputnik Кыргызстан» радиосунун эфирине катышып, Федерациянын эмгекчилердин укуктарын коргоо, эмгекти коргоо, эмгек мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу жана кызматкерлерге укуктук жардам көрсөтүү багытындагы ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берди.
Эфирдин жүрүшүндө ал кесиптик бирликтердин негизги милдеттеринин бири – кызматкерлердин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коопсуз жана сергек эмгек шарттарын түзүүгө көмөктөшүү, ошондой эле эмгек мамилелерине байланыштуу укуктук колдоо көрсөтүү экенин белгиледи. Ошондой эле эмгек кепилдиктерин сактоо, эмгек акынын өз убагында төлөнүшү, коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу жана эмгек талаштарын чечүүдөгү кесиптик бирликтердин ролу тууралуу сөз болду.
«Ар бир эмгекчи өз укуктарын билиши жана аларды коргоодон тартынбашы керек. Эгерде эмгек мамилелерине, эмгек укуктарынын бузулушуна же эмгекти коргоо маселелерине байланыштуу суроолор жаралса, rесиптик бирликтер федерациясынын 1229 ишеним телефону аркылуу акысыз консультация алууга болот», — деди Мурадил Джумадилде уулу.
Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы мындан ары да эмгекчилердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча маалыматтык иштерди жүргүзүп, алардын эмгек укуктарын жана социалдык кызыкчылыктарын коргоо боюнча ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантат.
