2026-жылдын 17-июлунда Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан билим берүү жана илим кызматкерлеринин «Кызыл гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборунун жаңы заманбап корпусунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Долбоор Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы менен Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан ишке ашырылды.
Жаңы корпустун курулушу өлкөнүн кесиптик бирлик кыймылы үчүн тарыхый мааниге ээ окуя болду. Акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу кесиптик бирликтин мүчөлүк төгүмдөрүнүн эсебинен заманбап ден соолукту чыңдоо корпусу курулуп, ал билим берүү тармагынын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн эс алуусуна жана ден соолугун чыңдоого кызмат кылат.
Салтанаттуу иш-чарага КР Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, КР илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин биринчи орун басары Гүлнура Мамырова, Тоң районунун акими Бактыбек Осмонов, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Саламат Боёнов, ошондой эле кесиптик бирлик активисттери, эмгек ардагерлери жана билим берүү кызматкерлери катышты.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу жаңы корпус кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлүп жаткан иштердин айкын жыйынтыгы экенин белгиледи.
«Бул имарат — жөн гана жаңы курулуш эмес. Бул кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн ишениминин, алардын төгүмдөрүнүн өздөрүнө кызмат кылып жаткандыгынын далили. Биз мындан ары дагы эмгек адамдарынын ден соолугуна, бакубат жашоосуна жана социалдык корголушуна багытталган долбоорлорду ишке ашырууну улантабыз. Анткени адамга салынган инвестиция — өлкөнүн келечегине салынган инвестиция», — деди Мурадил Джумадилде уулу.
Быйыл кошумча 55 орунга ылайыкталган жаңы үч кабаттуу корпустун курулушу аяктады. Ошондой эле конференц-зал, банкеттик зал, суу алуучу скважина жана тазалоочу курулмалар курулду. Натыйжада борбордо эс алуучулар үчүн жалпы 140 орун даярдалды.
«Кызыл Гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборунда жүргүзүлгөн курулуш иштеринин жалпы наркы 63 миллион сомду түздү», — деп белгиледи Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирликтердин төрагасы Саламат Боёнов.
Иш-чаранын алкагында коноктор жаңы корпус менен таанышып, расмий ачылыш аземине жана майрамдык концерттик программага катышышты.
«Кызыл гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборунун жаңы корпусунун ачылышы Кыргызстандагы кесиптик бирликтердин социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп, эмгек адамдарынын ден соолугуна жана жашоо сапатына багытталган иштердин ырааттуу уланып жатканын дагы бир жолу көрсөттү.












