4-августта Ысык-Көлдөгү «Бостон Резорт» пансионатынын базасында маанилүү тармактык иш-чара — Кыргызстан менен Өзбекстандын мунай-газ жана энергетика тармагынын кызматкерлеринин эл аралык семинары болуп өттү.
Иш-чара эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн кесиптик баарлашуусуна, тажрыйба алмашуусуна жана кызматташтыкты бекемдөөгө жакшы мүмкүнчүлүк түздү. Күндүн программасында тармактагы актуалдуу маселелер боюнча мазмундуу талкуулар менен катар достук жана кесиптик байланыштарды чыңдоого багытталган спорттук иш-чаралар да орун алды.
Күндүн негизги спорттук окуяларынын бири эки өлкөнүн энергетиктеринин курама командаларынын ортосундагы жолдоштук футболдук беттеш болду.
Футбол талаасында биздин компаниянын жана өлкөбүздүн намысын ИПЭСтин күчтүү, ынтымактуу жана жеңишке умтулган командасы коргоду.
Биз компаниябызды эл аралык деңгээлде татыктуу таанытып жаткан кесиптештерибиз менен сыймыктанабыз. Беттештин катышуучуларына кызыктуу оюн, ишенимдүү коргонуу, так пастар жана жеңиш алып келүүчү голдор кааланды.
Мындай иш-чаралар Кыргызстан менен Өзбекстандын адистеринин ортосундагы кесиптик кызматташтыкты өнүктүрүүгө гана эмес, достук мамилелерди, командалык духту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө да өбөлгө түзөт.
Кесиптештерибизге мындан аркы ийгиликтерди, жаркын спорттук жетишкендиктерди жана жаңы жеңиштерди каалайбыз!


