Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу жана Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сыдыков кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.
Документ кесиптик бирликтер менен бизнес коомчулугунун ортосундагы социалдык өнөктөштүктү бекемдөөгө, эмгекчилердин укуктарын коргоого жана кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө багытталган.
Мурадил Джумадилде уулу белгилегендей, бүгүнкү күндө эмгекчилердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо менен бирге иш берүүчүлөр жана бизнес коомчулугу менен натыйжалуу кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүү.
«Биздин жалпы максатыбыз — бизнестин өнүгүүсү татыктуу эмгек шарттары, кызматкерлердин укуктарынын сакталышы жана алардын социалдык жактан корголушу менен айкалышкан шарттарды түзүү. Эл аралык ишкерлер кеңеши менен кызматташуу конкреттүү жана пайдалуу демилгелерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет деп ишенем», — деди ал.
Макулдашуунун алкагында тараптар эмгек мамилелери, эмгекти коргоо жана укуктук сабаттуулукту жогорулатуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, окутууларды, эксперттик жолугушууларды жана консультацияларды өткөрүүнү көздөшөт.
Ошондой эле жаштарга багытталган демилгелерге, кызматкерлердин кесиптик өнүгүүсүнө, эмгек талаш-тартыштарынын алдын алууга жана социалдык жоопкерчиликтүү бизнести өнүктүрүүгө көңүл бурулат.


