Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясынын төрагасынын орун басары Ализа Солтонбекова жана Курулуш жана өнөр жай курулуш материалдары кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Элдияр Карачалов Германия Федеративдүү Республикасынан келген делегация менен жолугушту.
Жолугушууга Германия Бундестагынын депутаты Кристиан Гёрке жана Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин ишенимдүү өкүлү Ларс Файен катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, профсоюздук кыймылдагы тажрыйба алмашуу, билим берүү программаларын ишке ашыруу, профсоюз кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле эмгекчилердин социалдык жана эмгектик укуктарын коргоо маселелерин талкуулашты.
Тараптар социалдык өнөктөштүктү чыңдоо, эмгек мамилелерин өнүктүрүү жана кызматкерлердин укуктарын коргоодо Кыргызстан менен Германиянын тажрыйбасын өз ара үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
ККБФ төрагасынын орун басары Ализа Солтонбекова Кыргызстандагы эмгекчилердин социалдык-экономикалык абалы тууралуу айтып, минималдык эмгек акы жана калктын социалдык жактан аялуу катмарларын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурду.
«Биз үчүн негизги маселелердин бири — эмгектенген адамга татыктуу жашоого мүмкүнчүлүк берген адилеттүү эмгек акыны камсыз кылуу. Минималдык эмгек акы жөн гана мыйзамда белгиленген көрсөткүч болбостон, адамдын жана анын үй-бүлөсүнүн негизги керектөөлөрүн камсыз кылууга мүмкүндүк берген реалдуу социалдык кепилдик болушу керек. Өзгөчө социалдык жактан аялуу жарандардын кызыкчылыктарына көңүл буруу зарыл», — деп белгиледи Ализа Солтонбекова.
Германия Бундестагынын депутаты Кристиан Гёрке менен жолугушуунун катышуучулары эмгекчилердин укуктарын коргоо, социалдык саясат жана кесиптик билим берүү жаатындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашты.
«Германия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык ар түрдүү багыттар боюнча өнүгүп жатат. Биз үчүн адамдардын жашоо сапатына түздөн-түз таасир эткен социалдык диалог, билим берүү жана кесиптик даярдык сыяктуу багыттарда тажрыйба алмашуу өзгөчө мааниге ээ», — деп белгиледи Кристиан Гёрке.
Жолугушуунун катышуучулары биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу, профсоюздук уюмдардын ортосунда тажрыйба алмашуу, профсоюздардын институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө жана эмгекчилердин укуктарын коргоонун натыйжалуу механизмдерин өнүктүрүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.




