Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу Молдова Республикасынын Кишинёв шаарында өткөн «Мигранттардын жана качкындардын укуктары үчүн профсоюздар: Молдова, Украина, Борбордук Азия жана Түштүк Кавказдын улуттук профсоюз борборлорунун тажрыйба алмашуусу жана аймактык кызматташуусу» аттуу 2-күндүк аймактык конференцияга катышты.
Конференциянын негизги максаты — эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча тажрыйба алмашуу жана профсоюздардын биргелешкен иш-аракеттерин күчөтүү. Катышуучулар мигранттар үчүн ресурстук борборлордун (MRC) ишмердүүлүгүн, эл аралык эмгек стандарттарын, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү эмгек миграциясынын негизги тенденцияларын жана көйгөйлөрүн, ошондой эле улуттук профсоюз борборлорунун кызматташтыгын талкуулашты. Конференциянын программасында миграциялык
коридорлорду талдоо, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо жана аймактык иш планын даярдоо маселелери да каралган.
Мурадил Джумадилде уулу өз сөзүндө чет өлкөлөрдө эмгектенип жаткан Кыргызстандын жарандарынын эмгектик жана социалдык укуктарын коргоо маселесине өзгөчө көңүл бурду. Ал эмгек миграциясынын масштабы өсүп жаткан шартта профсоюздар эл аралык кызматташтыкты кеңейтип, жаран кайсы өлкөдө иштебесин, зарыл учурда квалификациялуу жардам ала турган механизмдерди түзүшү керектигин белгиледи.
«Биз үчүн Кыргызстандын жараны чет өлкөгө иштегени барганда өзүнүн көйгөйлөрү менен жалгыз калбашы принципиалдуу мааниге ээ. Профсоюздар эмгекчи өзүнүн мыйзамдуу укуктарын коргоого жана өз убагында жардам алууга ишене турган кызматташтык системасын түзүшү керек. Ошондуктан улуттук профборборлордун ортосунда түз байланыштарды бекемдеп, маалымат алмашып, эмгек мигранттарынын кайрылуулары боюнча биргелешип иштөөбүз зарыл», — деп белгиледи Мурадил Джумадилде уулу.
Бүгүнкү күндө кесиптик бирликтер федерациясы эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо багытындагы иштерди активдүү күчөтүүдө. Маанилүү багыттардын бири — Кыргызстандын жарандары эмгектенген өлкөлөрдүн профсоюз борборлору менен түз байланыштарды өнүктүрүү. Мындай кызматташтык эмгек укуктары бузулган, жумуш берүүчү менен көйгөй жаралган, эмгек акы төлөнбөгөн же иштөө шарттары жана коопсуздук боюнча маселе чыккан учурда жарандарга укуктук жана консультациялык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Молдовадагы аймактык конференцияга катышуусу эл аралык профсоюздук кызматташтыкты бекемдөө багытындагы дагы бир маанилүү кадам болуп калды.




