Жумушчуларды социалдык коргоо системасында Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын ишинде эмгекти коргоо өзгөчө орунду ээлейт.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы 2022-жылдын 28-апрелинде эмгек, эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдардын жана эмгек укугунун ченемдери камтылган башка ченемдик укуктук актылардын сакталышына мамлекеттик жана коомдук көзөмөл жүргүзүү боюнча өз ара кызматташуу жөнүндө эки тараптуу Макулдашууга кол коюшкан. Бул Министрликке караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы менен Кыргызстан кесиптик бирликтеринин Техникалык жана укуктук эмгек инспекциясынын ортосунда жакын кызматташтыктын түзүлүшү үчүн негиз боло алды.
Техникалык инспекторлордун иштери боюнча маалыматтар:
аялдардын катышуусу менен
жабыркагандар
өлүм менен аяктаган
кырсык окуяларын иликтеп чыкты
Техникалык эмгек инспекциясы кесиптик бирликтин иш берүүчүлөрдүн эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды сактоосун кесиптик бирликтердин коомдук көзөмөлүн ишке ашыруу максатында түзүлгөн ыйгарым укуктуу органы болуп саналат жана өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын «Эмгекти коргоо жөнүндө» Мыйзамына, «Кыргызстан кесиптик бирликтеринин техникалык эмгек инспекциясы жөнүндө» Жобого жана ККБФ эмгек инспекторлорунун Кызматтык нускамаларына ылайык жүргүзөт.
ККБФ Техникалык эмгек инспекциясы тийиштүү кесиптик бирлик органдарынын карамагындагы өз ишмердүүлүгүн «Кыргызстан кесиптик бирликтеринин техникалык эмгек инспекциясы жөнүндө» 05.09.2017-жылдагы №42-3 Жобого ылайык жүргүзгөн, өз алдынча, өздөрүнүн инспекцияларынын ишин уюштуруу боюнча чечимдерди кабыл алган, түзүмүн, штаттык кызматкерлеринин санын, кызмат акыларына кошумча акынын өлчөмүн жана социалдык-тиричилик камсыздоосунун түрлөрүн белгилеген, алардын тармактын өзгөчөлүгүнө жараша өздөрүнө жүктөлгөн функцияларын аткаруу боюнча укуктары менен милдеттерин конкреттештирген республикалык тармактык техникалык эмгек инспекцияларынын ишмердүүлүгүн координациялайт.
Тармактык принципке негизделген Кыргызстан кесиптик бирликтеринин техникалык эмгек инспекциясы өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:

Техникалык эмгек инспекциясынын негизги милдеттери:
Документтер
Укук коргоо иши

ККБФ ишмердүүлүгүнүн укук коргоо жаатындагы ишинин башкы максаты болуп, кесиптик бирликтерге жана кесиптик бирлик уюмдарына мүчө жумушчулардын эмгек укуктарын, эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, эмгек укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын бекемдөө эсептелет.
Сиздин көйгөйүңүздү кесиптик бирликтин укуктук инспекторлору чечип беришет:
Акысыз юридикалык жардам
Эмгек маселелери боюнча талаш-тартыштарды чечүү
Жумуштан мыйзамсыз бошотулгандан кийин мурунку кызматына кайра коюу
Иш берүүчүдөн эмгек акысын төлөө боюнча карызды өндүрүп берүү
Дисциплинардык жаза чарасы мыйзамсыз колдонулган учурда жумушчунун укуктарын коргоо
Сотто өкүлчүлүк кылуу
Сотко доо арыз даярдап беребиз
Укуктук коргоо линиясын аныктайбыз
Онлайн-консультация
Доо арызга, апелляциялык даттанууга же апелляциялык протестке каршылык даярдап беребиз
Биз сиздин убактыңыз менен акчаңызды үнөмдөйбүз (кесиптик бирликтин мүчөлөрүнө гана)
Процесстик документтерди даярдоо
Прокуратурага кайрылуу
Иш берүүчүгө арыз жазууга жардам берүү
ККБФ аймактык укуктук инспекторлору менен биргелешкен иш-аракет
Кыргыз Республикасынын 7 аймагында укуктук колдоо көрсөтүү
Жаралган көйгөйлөрдү чечүүдө практикалык жардам көрсөтөбүз, кесиптик бирликтерге мүчө жумушчулардын өнөктөштүктүн бардык деңгээлдеринде эмгек мыйзамдарынын системасы боюнча мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдары менен өз ара аракеттешүүсүн уюштурабыз.