Маалыматтык ишмердүүлүк – кесиптик бирликтердин ишиндеги көбүрөөк артыкчылыктуу деп эсептелген багыттардын бири. Кесиптик бирликтин катардагы мүчөлөрүнө, кесиптик бирликке мүчө болбогон иштеп жаткан жарандарга, студенттерге уюм тарабынан өткөрүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берүү – кесиптик бирлик органдарынын милдети. Кызматкерлердин кесиптик бирликтердин иши тууралуу сапаттуу маалыматка ээ болушу кесиптик бирликке мүчө болууга мотивацияны күчөтүүчү эң маанилүү элементтердин бири болуп саналат.
Бул чөйрөдө иш алып баруунун маанилүү экенин эске алуу менен, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы кийинкидей иштерди жүрүзөт:
Кесиптик бирлик органдарынын жыйналыштарында, конференцияларында, отурумдарында, ар кандай конференцияларда, тегерек столдордо ж.б. түрдүү деңгээлдердеги кесиптик бирлик уюмдарынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүү.
ККБФнын өзүнүн веб-сайты бар: www.fpsk.kg, учурда веб-сайтты жаңылоо процедурасы аяктап жатат.
Буклеттер, маалымат берүүчү баракчалар, жарнама баракчалары басылып чыгып, кесиптик бирликтин учурдагы жана потенциалдуу мүчөлүнүн кеңири катмарларына таратылат.
Мезгилдик басма сөз каражаттарына: газеталарга жана журналдарга макалалар менен түшүндүрмөлөр үзгүлтүксүз жарыяланып турат.
ККБФнын жана мүчө уюмдардын өкүлдөрү телевизиондук ЖМКлардын эфирлеринде (ТВ-каналдарда), радиостанцияларда кесиптик бирликтин ишине байланыштуу ар кандай маселелер, ошондой эле жалпысынан эмгек чөйрөсүнө тийиштүү маселелер боюнча регулярдуу маек берип турушат.
Facebook, Instagram ж.б. социалдык тармактарында ККБФ баракчалары бар, алар аркылуу кесиптик бирликтин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат жайылтылат.
Квартал сайын ККБФ жана мүчө уюмдардын жаңылыктарын, социалдык-экономикалык абал ж.б. жөнүндө маалымат камтыган маалымат бюллетени чыгарылып турат.
WhatsApp, Telegram ж.б. мессенджерлерде топтор жана чаттар уюштурулган.
Кыска видеороликтер даярдалып, ТВ жана Интернет тармагы аркылуу көрсөтүлөт.