Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда формалдуу эмес жумуштуулуктун деңгээли калктын эмгекке жарамдуу бөлүгүнүн жалпы санынын 70%дан ашыгын түзөт. Тилекке каршы, бул абдан эле жогорку көрсөткүч.
Формалдуу эмес жумуштуулук — бул жазуу жүзүндө эмгек келишимин түзбөй туруп, оозеки түрдө макулдашууга негизделген эмгек мамилелери, эмгек рыногунун кызматкерлер социалдык жана укуктук коргоо мүмкүнчүлүгүнөн дээрлик ажыраган формалдуу эмес сектору.
Эмгек мамилелерин расмий тариздебей туруп жумушка алынган жалданма жумушчу социалдык жана укуктук коргоо мүмкүнчүлүгүнөн дээрлик ажырайт, талаштуу жагдайлар келип чыкканда, иш берүүчү тарабынан буга чейин макулдашылган шарттар бузулган учурда алсыз абалга түшөт.
Мындай учурда эмгек мамилелери туруксуздуктун басымдуулугу менен мүнөздөлүп, эртеңки күнгө, келечекте кесиптик өнүгүүгө жана социалдык кепилдиктердин берилишине карата ишенимсиздик жаралат.
Формалдуу эмес жумуштуулуктун негизги көрсөткүчтөрү болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– иш берүүчү менен эмгек мамилелеринин жазуу жүзүндө таризделбеши;
– эмгек акысын төлөөдө көмүскө схемалардын жана накталай формадагы эсептешүү ыкмаларынын колдонулушу;
– салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн качуу;
– эмгек мамилелеринин жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдер менен алмаштырылышы.
Иш берүүчү социалдык төлөмдөрдү төлөбөш үчүн, кызматкердин укуктук сабатсыздыгынан пайдаланып, эмгек келишиминин ордуна жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдерди түзүү менен, уюмдун кызматкерлерин жеке ишкер сыпатында иштөөгө мажбурлаган учурлар көп эле кездешет.
Иш берүүчү менен кызматкердин ортосунда мындай формалдуу эмес мамилелер кантип пайда болот?
Көпчүлүк учурларда кызматкер жумушка орношуп жатканда, эмгек келишими түзүлбөйт. Анын ордуна жарандык-укуктук мүнөздөгү келишим, маселен, кызмат көрсөтүү келишими же подряддык келишим түзүлөт, же болбосо жаран эч кандай документ таризделбеген шарттарда жумушка алынат.
Эмгек мамилелери болгон учурда, сөзсүз түрдө эмгек келишими түзүлөт. Ошондо гана келишим юридикалык жактан күчкө ээ болот.
Эмгек мамилелери деген түшүнүк Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 13-беренесинде чечмеленген.
Ал кийинкидей негизги элементтерден турат:
Биринчиси — эмгек мамилелери – бул жумуш менен камсыздаган иш берүүчү менен эмгек функциясын, белгилүү бир ишти аткарган кызматкердин ортосундагы мамилелер.
Экинчиси – кызматкер тийиштүү эрежелер, нускамалар жана башка жердик актылар менен белгиленген ички тартипке баш ийет.
Жана акыркысы — иш берүүчү кызматкер үчүн талаптагыдай эмгек жана эс алуу шарттарын түзүп берет.
Эгерде жогорудагы элементтерди баары бар болсо, анда бул эмгектик мамилелер экени анык. Демек, иш берүүчүнүн жана кызматкердин бир катар укуктары менен милдеттери бар, ал эми алардын ортосундагы мамилелер эмгек келишими формасында таризделет. Кызматкердин эмгек акысынан киреше салыгы кармалат, Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрү, анын ичинде кызматкердин жеке пенсиялык эсебине дагы төгүмдөр төлөнөт.
Эми бул талап кылынган нерсе. Чынында, кээ бир иш берүүчүлөрдүн үнөмдөө жана салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу максатында, жумушчуну ишке кабыл алып жатканда, аны менен эмгектик мамилелерди тариздөөдөн баш тартып, мыйзамсыз иштөөнү сунуштаган учурларды баарыбыз эле билебиз.
Эмне үчүн көп жумушчулар эмгектин формалдуу эмес формасында иштешет?
Бул жерде башкы бир нече себеп бар: калктын укуктук маданиятынын төмөндүгү, келишимдик негизде жумушка орношуу мүмкүндүгүнүн жоктугу (чоң атаандаштык, аз эмгек акы, иш берүүчүнүн салык төлөгөндөн качуусу), иштөөнүн ийкемдүү графиги, кошумча киреше, тааныштардын, достордун мисалдары, жетекчинин көзөмөлү астында же жамааттын ичинде иштөөнү каалабагандык, жетишсиз билим деңгээли, квалификациясы менен жумушка орношуу зарылдыгы, жумушсуздук деңгээлинин жогорулугу. Анын үстүнө, кызматкерлердин көбү деле расмий тариздөөсү жок жумушка орношууну каалашат, себеби мындай формада иштеген учурда эмгек акыларынан чегерүүлөр алынбайт.
Жаштар формалдуу эмес жумуштуулукка көбүрөөк жакын, анткени бул жерде билимдин жоктугу, тажрыйбасы жок ишке кирүү мүмкүн эместиги, бир учурда окуп-иштөөнүн кыйындыгы сыяктуу себептер бар.
Ошентип, эмгек рыногунда кызматкерлер социалдык жана укуктук коргоо мүмкүнчүлүктөрүнөн дээрлик ажыраган формалдуу эмес сектор пайда болот.
Иш берүүчүнүн эмгек келишимин түзүүдөн баш тартуусунун натыйжасында келип чыккан терс кесепеттердин тизмеси кыйла эле чоң:
– өргүүлөрдүн берилбеши жана сыркоолук төлөмдөрүнүн төлөнүп берилбеши (ар жылдык эмгек өргүүсү, убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдар);
– түнкүсүн иштөө, ченемден ашык иштөө, майрам күндөрү иштөө үчүн кошумча акынын төлөнбөшү;
– штатты кыскартуу боюнча жумуштан бошоткон учурда компенсациянын төлөнбөшү:
– убактылуу эмгекке жарамсыздык, төрөт боюнча өргүү, бала багуу боюнча өргүү мезгилинде жумуш ордунун сакталышына кепилдик берилбеши;
– банктан кредит же виза берүүдөн баш тартылышы;
– декларацияланбаган киреше үчүн жоопко тартылуу коркунучу;
– өндүрүштө болгон кырсыкты териштирүүдөн жана эмгектик милдеттерин аткаруу учурунда ден соолукка келтирилген зыянды төлөп берүүдөн баш тартылышы;
– иш берүүчүнүн каалаган учурда жумуштан бошотуп жибериши, ошондой эле эмгек укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылууга негиздердин жоктугу.
Иш берүүчүнүн көз карашы боюнча, формалдуу эмес жумуштуулукту колдонуу, бир караганда, пайдалуу. Себеби чегерүүлөр азаят жана киреше көбөйөт. Бирок ишканага санкциялар колдонулганда, мыйзамдарда каралган тартипте жоопко тартылган учурда, терс таасирин тийгизет.
Эл аралык эмгек уюмунун изилдөөлөрүнө ылайык, жумуш орундарында коопсуздукту камсыздоо үчүн төлөнгөн 1 доллар – кесепеттерди жоюуга кеткен 7 долларды үнөмдөйт. Расмий эмес жумушчу күчтү жумушка алуу жумуш орундарында эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча талаптарды камсыздоо милдеттеринин аткарылбашын дагы шарттайт. Ал эми, мындай абал, өз кезегинде, өнөр жайда авариялардын, кырсыктардын жана кесиптик оорулардын келип чыгуу коркунучуна себеп болот. Натыйжада, кесепеттерди жоюуга багытталган миллиондогон чыгымдар, кылмыш жоопкерчилигине чейин жеткен жоопко тартылуу учурлары келип чыгат.
Тилекке каршы, көптөгөн иш берүүчүлөр муну аңдап-түшүнүшпөйт же тиешелүү түрдө маани бербейт.
Эмгек келишимдерин легалдаштыруу бүгүнкү күндө чоң мааниге ээ болууда, анткени бул Кыргызстандын жаранынын укуктук жана социалдык-экономикалык коргоого алынышынын кепилдиги гана эмес, ошол эле учурда республикалык бюджетти жана КР Социалдык фондунун бюджетин толуктоо үчүн маанилүү булак болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, ар бир иштеген жаран эгер ал эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан болсо, анда милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө эмгек келишими түзүлүшү керек экендигин түшүнүшү керек. Муну менен катар эле, ай сайын эмгек акысынын түзүүчү бөлүктөрү жөнүндөгү эсептешүү баракчасы менен расмий эмгек акысын өз убагында алып туруу дагы маанилүү шарт. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн кармалып, КР Социалдык фондуна которулуп турушу келечекте кепилденген жана татыктуу пенсияны камсыздайт.
Ар бир жарандын корголууга укугу бар!